Шаймерден

Википедия дан

Шаймерден — Түштүк Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу аккан суу. Узундугу 112 км, алабынын аянты 1466,6 км2. Коллектор тоосунан башталган Көксуу менен Аксуунун кошулушунан түзүлөт. Куймалары жогорку бөлүгүндө аскалуу кокту-колоттор, терең капчыгайлар менен агат. Көксуунун чатынан төмөн Шаймерденге суу куйбайт. Вуадиль кыштагы ченде 3 салаага бөлүнөт. Негизги салаасы – Маргалаңсай Фергана жана Маргалаң шаары аркылуу агып өтүп, магистралдык каналга салынып, андан майда сугат каналдары тарайт. Калган эки тармагы – Алтарыксай менен Файзабадсай. Чимион жана Капчыгай адырларын кесип өтүп, сугат каналдарына бөлүнөт. Шаймердендин алабынын төмөнкү бөлүгүнө суусу негизги нукка жетпей соолуп калган сайлар мүнөздүү. Алабында 20дай мөңгү бар (жалпы аянты 52,6 км2). Көксуунун өрөөнүндө бетинин аянты 0,13 км2ге жеткен Курбанкөл жайгашкан. Шаймерден кар, мөңгү, булак жана жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 11,1 м3/сек, эң көбү 64,2 м3/сек, эң азы 3,58 м3/сек. Майдын аягында кирип, августта тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Фергана, Маргалаң шаары, Вуадиль, Хамзабад, Кадамжай, Чимион жана башка кыштагы жайгашкан. Адабияттарда Шахимардан деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]