Фергана өрөөнүндөгү мөңгүлөр

Википедия дан

Фергана кырка тоосунун көпчүлүк бөлүгүнүн бийиктиги 3000—3500 м ден ашпайт. Мындай бийиктиктер кар сызыгынан төмөн жайгадйкандыктан мөнгүлөр пайда болбойт. Ал кырка тоонун Алай кырка тоосуна тутумдашкан жагы гана улам бийиктеп 4500—4800 м бийиктикке жетет да мөңгүлөрдү пайда кылат. Фергана кырка тоосундагы мөңгүлөрдун жалпы саны 383, аянты 195,8 км2. Алар Нарындын (Ала-Буга) жана Кара-Дарыянын (Тар) алабдарына караштуу. Мөңгүлөрдүн көпчулүгүмайда, асылма, кар тибинде. Эң чоң мөңгүсүнүн узундугу 5,4 км, аянты 7,4 км2.

Фергана өрөөнүн курчаган кырка тоолордун эң мөңгүлүүсү — Алай кырка тоосу. Бул кырка тоодо жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы саны 1360тан ашык, аянты 956,3 км2. Түштүк капталынын батыш жагы Тажикстандын, аймагына карайт. Кыргызстандын аймагына тиешелүү мөңгүлөрдүн саны—1088, аянты 816,2 км2. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Исфайрам-Сайдын алабынан батышка карай Түркстан кырка тоосуна чейин жайгашкан. Чыгыш жагында болсо Ак-Буура, Куршаб сууларынын алабында жана Көк-Суунун төрүндө таралган. Ири мөңгүлөр кырка тоонун батыш тарабында да жайгашкан. Батыш Көк-Суунун алабындагы Абрамов мөнгүсүнүн узундугу 9 км, аянты 25,2 км2. Ал мөнгүгө 1967-жылдан бери эл аралык гидрологиялык он жылдык (МГД) изилдөөлөрдүн программасы боюнча Ташкенттик окумуштуулар тарабынан үзгүлтүксүз байкоолор жүргүзүлүп, изилденилип келген.