Аксуу-Арашан

Википедия дан

Аксуу-Арашан - Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы өсүмдуктөргө бай, крагай, бадалдуу, ысык булак чыккан тоолуу кооз жер. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Алтынарашан суусунун ортоңку жана Аламалынын төмөнкү агымынан оорун алган. Райондун борбору Теплоключенкдан 10-20км түштүктө. Басымдуу бийиктиги 2500-2800м, эң бийик жери 3500м.

Меридиан багытында созулган субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөң, тоо капталдары тик (30–40°), тө- мөн жагында (түндүгүндө) кууш капчыгай бар. Жайы серүүн (июлдун орт. темпрасы 12–15°С), кышы жылуу (январдыкы –5...–10°С). Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм. Малга жайлуу. Алмалы ай- рыгында Ак-Суу санаторийи, Алтынарашанда эмгекчилер эс алып, дарылануучу үйлөр бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору