Чурбек
Отурукташкан жай
Чурбек
|
Чурбек — Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Маргун айыл аймагынын курамына кирет.
ААББТ коду — 41705 236 806 02 0[2].
Тарыхы жана Инфратүзүмү[оңдоо | булагын оңдоо]
Чурбек айылында кыргыз , өзбек жана тажик улутундагы жарандар жашашат. Айыл тоонун арасында жайгашкандыктан, жолдору начар абалда. Ошондуктан, унаалардын чектеш конуштар менен болгон каттоосу аз.
Айылда жалгыз гана жалпы билим берүүчү орто мектеп бар. Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигинин маалыматы боюнча, М.Юлдашев атындагы орто мектеп 1957-жылы ашар ыкмасында саман аралашкан ылайдан курулган. Ошондон бери мектепте көлөмдүү оңдоо иштери болгон эмес. 2014-жылы жааган жаан-чачындын, селдин жүрүшүнөн улам кыйла эле зыян тартып, бир бөлүгү кулап калган. Ал эми 1980-1986-жылдарда элдик ашар жолу менен саман аралашкан ылайдан курулган китепкана, ашкана, кол эмгек канасы жана кароочулардын бөлмөсү таптакыр жараксыз абалга келген.
Аталган мектепте стол, олтургучтар жана балдардын окуусу үчүн абдан зарыл инвентарлар дагы жетишсиз. Азыркы учурда 179 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенет. Окуучулар эки нөөмөттө билим алышат. Спорт залдын, акак зал жоктугунан иш- чаралар жайы-кышы көбүнчө тышта ачык асман алдында өткөрүлөт. Айыл жашоочулары жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтерге кайрыляшкан.
2021-жылы жаңы мектептин курулушу башталган, Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метрди түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген [3]. Курулуштун сметалык наркы 64 миллион 616 миң 200 сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган[4].
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
жылы | 2009 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
адам. | ↗ 926[5] | ↗ 1069[1] |
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2020 калкты каттоо. Баткен облусу. Текшерилген күнү 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ Лейлектин Чурбек айылындагы жаңы мектептин курулушу качан бүтөрү белгилүү болду. Super.kg. Текшерилген күнү 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2021.
- ↑ Строительство школы им.М.Юлдашева в Баткенской области завершено на 85%. Билим АКИ Press. Текшерилген күнү 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2021.
- ↑ 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
Раззаков шаары | Раззаков • Голбо • Самат • Чимген • Тайлан • Мырза-Патча • Ак-Булак | ![]() |
---|---|---|
Ак-Суу айыл аймагы | Ак-Суу • Алга • Жеңиш • Суу-Башы • Жезкен | |
Бешкент айыл аймагы | Бешкент • Карл Маркс • Кайрагач • СССРдин 50 жылдыгы • Эски-Оочу | |
Маргун айыл аймагы | Маргун • Чурбек • Дархум • Даргаз | |
Жаңы-Жер айыл аймагы | Центральное • Арка • Достук | |
Лейлек айыл аймагы | Лейлек • Коргон • Кара-Суу • Чуянчы • Ак-Терек | |
Катраң айыл аймагы | Катраң • Жаңы-Турмуш • Өзгөрүш | |
Кулунду айыл аймагы | Кулунду • Булак-Башы • Интернациональное • Коммунизм • Ленин • Максат | |
Сумбула айыл аймагы | Андарак • Искра • Көк-Таш • Коммуна | |
Тогуз-Булак айыл аймагы | Тогуз-Булак • Ай-Көл • Кара-Булак • Маданият • Кыргызстандын 50 жылдыгы • Чапаев |