Мазмунга өтүү

Үч-Булак (Лейлек району)

Айыл
Үч-Булак
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Район Лейлек району
Айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы
Координаттар 39°58′36″ с. ш. 69°54′31″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Чурбек (01.01.2023 чейин)
Борборунун бийиктиги 1215 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1069[1] адам (2020)
Улуттук курамы Кыргыз, Өзбек, Тажик
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 720410
Автоунаа коду A,03
Үч-Булак (Лейлек району) (Кыргызстан)

Үч-Булак (2023-жылдын 1-январына чейин — Чурбек)[2]Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Кең-Талаа айыл аймагынын курамына кирет.

ААББТ коду — 41705 236 806 02 0[3].

Чурбек айылында кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы жарандар жашашат. Айыл тоонун арасында жайгашкандыктан, жолдору начар абалда. Ошондуктан, унаалардын чектеш конуштар менен болгон каттоосу аз.

М. Юлдашев атындагы орто мектеп

Айылда жалгыз гана жалпы билим берүүчү орто мектеп бар. Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигинин маалыматы боюнча, М.Юлдашев атындагы орто мектеп 1957-жылы ашар ыкмасында саман аралашкан ылайдан курулган. Ошондон бери мектепте көлөмдүү оңдоо иштери болгон эмес. 2014-жылы жааган жаан-чачындын, селдин жүрүшүнөн улам кыйла эле зыян тартып, бир бөлүгү кулап калган. Ал эми 1980-1986-жылдарда элдик ашар жолу менен саман аралашкан ылайдан курулган китепкана, ашкана, кол эмгек канасы жана кароочулардын бөлмөсү таптакыр жараксыз абалга келген.

Аталган мектепте стол, олтургучтар жана балдардын окуусу үчүн абдан зарыл инвентарлар дагы жетишсиз. Азыркы учурда 179 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенет. Окуучулар эки нөөмөттө билим алышат. Спорт залдын, акак зал жоктугунан иш- чаралар жайы-кышы көбүнчө тышта ачык асман алдында өткөрүлөт. Айыл жашоочулары жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтерге кайрыляшкан.

2021-жылы жаңы мектептин курулушу башталган, Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метрди түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген [4]. Курулуштун сметалык наркы 64 миллион 616 миң 200 сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган[5].

жылы 2009 2020
адам. 926[6] 1069[1]
  1. 1.0 1.1 2020 калкты каттоо. Баткен облусу. Текшерилген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  2. Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2023.
  3. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  4. Лейлектин Чурбек айылындагы жаңы мектептин курулушу качан бүтөрү белгилүү болду. Super.kg. Текшерилген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  5. Строительство школы им.М.Юлдашева в Баткенской области завершено на 85%. Билим АКИ Press. Текшерилген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  6. 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.