Мазмунга өтүү

Дароот-Коргон, Чоң-Алай району

Отурукташкан жай
Дароот-Коргон
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош областы
Район Чоң-Алай району
Координаттар 39°33′08″ с. ш. 72°12′09″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 4 726 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Дароот-Коргон, Чоң-Алай району (Кыргызстан)

Дароот-Коргон (орус. Дараут-Курган) — Ош облусундагы Чоң Алай районунун жана Дароот-Коргон айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2460 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору жана темир жол бекети Ош шаарынан 286 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 4852 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала-бакча, маданият үйү, клуб, райондук жана балдар китепканасы бар. Оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт. Кыштактын жанында Кокон хандыгы учурунда курулган (1821) чептин калдыгы сакталган. [1]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.