Данков чокусу

Википедия дан

Данков чокусу Бийиктиги 5982 м. Үзөңгү-Кууш суусунун оң куймасы – Чоң Туура-Суунун төрүндө, Какшаал тоо тизмегинде жайгашкан. Чоку кесилген конус формасында. Силур, девон мезгилдеринде пайда болгон акиташ тоотектеринен турат. Түбөлүк кар менен мөңгү каптап жатат. 19-кылымдын 70–80-жылдарында Кыргызстандын жерин картага түшүрүүгө катыш кан орус топографы С. Д. Данковдун ысмы менен аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия