Нарын тоо кыркасы
Нарын тоо кыркасы — Ички Тянь-Шанда, Ат-Башы өрөөнү менен Нарын өрөөнүнүн ортосунда жайгашкан. Узундугу 95км. Туурасы 12-14км., басымдуу бийиктиги 3800-4300м., эӊ бийик жери 4500м. (Орто-Ача чокусу). Батыш кыры жапыз, томпок сымал, капталдарында жайдак түзөӊдөр бар; орто бөлүгү тик, кууш капчыгайлар көп. Чыгыш тарабы кырдуу, бийик; байыркы муздардын издери жана азыркы мөӊгүлөрү бар. Нараы кырка тоосу геог. Жактан Ортонку Тянь- Шанга кирип, түш.-чыгыш тарабынан Ат-Башы- Эӊилчек жаракасы менен чектелет. Ортонку бөлүгү Чоӊ- Нарын антиклинорийин батыш периклиналын түзөт. Нарын кырка тоосунун ортоӊку жана чыгыш бөлүгү ар түрдүү терриген тоо тектеринен, сланецтерден, кварциттен, эки таш тегинен жана аларды жиреп чыккан гранит менен диориттен турат. Батыш бөлүгү палеозойдун ортосунда жана аягында пайда болгон тектерден түзүлгөн. Тоо аралык ойдуӊдарда антропоген чөкмөлөрү бар.
Тоодогу мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 69,1км2. Ландшафты бийиктеген сайын өзгөрөт. Түндүк капталдарында карагайлуу токой (2600-3000м. бийиктикте), субальп шимүрдүү шалбаасы жана шалбалуу талаа (3000-3200м.), альп шалбаасы (3200-3500м.); түштүк капталдарында бетегелүү бийик тоо талаасы (2600-3000м.), карагайлуу токой (Борондуу, Ача, Кайыӊды, Улан ж.б. капчыгайларда; 2800-3000м. бийиктикте), субальп шалбаасы, шалбалуу талаа, арча токою (3000-3200м), доӊуз сырттуу шалбаа (3200-3500м.), гляциалдык- нивалдык алкак (3600 метрден жогору) мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Бассейн реки Нарын», Физико-географическая характеристика, Фрунзет 1960; Исаев Д.И. (и др.), «Рельеф Киргизии», Фрунзе 1964.