Эркимбаев Токтоналы

Википедия дан

Эркимбаев Токтоналы (1885, азыркы Нарын облусу, Нарын району, Куланак кыш. - 1976, ошол эле жер) - жылкычы, Социалисттик Эмгекке Баатыры (1948).

1930 жылдан Нарын облустунун Тянь-Шань районундагы Куланак колхозунда колхозчу, 1940-60-ж. жылкычы. 1947-ж. өзүнө бекитилип берилген 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4