Кичи-Нарын

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кичи-НарынТоң жана Нарын райондорунун аймагында. Жетим-Бел кырка тоосунун капталындагу мөңгүлөрдөн башталып. Уз. 144 км алабынын аянты 3870 км.

Башталышында Буркан суусу батышка агып, Үч-Эмчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач менен кошулуп Кичи-Нарын аталат. Кууш жана терең капчыгай менен, агып, Кашка-Суулан кийин түштүкө бурулат. Нура жана Жетим кырка тоолорун кесип өтөт. Агымынын ылдамдыгы 4 м/сек, босоголору көп. Капчыгайдан кийин кашатту өрөөн менен Чоң-Нарынга кошулуп, Нарын дарыясын түзөт. Кара-саздын чатында бир аз салааларга бөлүнөт. Алабында 20дай көл бар.

Ири куймалары: Үч-Эмчек, Кара-Саз, Кара-Кулак, Эгиз-Төр, Сары Күнгөй (оң); Айкөл, Жаман Эчки, Арчалы, Жылаңач (сол). Тоң жана Нарын районунун жайыты.