Кичи Нарын

Википедия дан
Кичи Нарын
Мүнөздөмө
Узундугу 144 км
бассейндин аянты 3 870 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Кичи НарынИчки Теңир-Тоодогу суусу Тоң жана Нарын райондорунун аймагында.

Жетимбел кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Узундугу 144 км, алабынын аянты 3870 км2. Башталышында Буркан деген ат менен батышка агып, Үчемчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач менен кошулуп Кичи Нарынды түзөт. Кууш жана терең капчыгай менен агып, Кашкасуудан кийин түштүккө бурулат. Нура жана Жетим кырка тоолорун кесип өтөт. Босоголору көп. Капчыгайдан кийин кашаттуу өрөөн менен Чоң Нарынга кошулуп, Нарын деңизин түзөт. Карасаздын чатында бир аз салааларга бөлүнөт. Жылдык ортчо чыгымы 43,0 м3/сек. Эң чоң чыгымы 205 м3/сек (июль), эң азы–4,33 м3/сек (февраль). Алабында 20дай көл бар.

Ири куймалары: Үчемчек, Карасаз, Каракалак, Эгизтөр, Сарыкүнгөй (оң); Айкөл, Жаманечки, Арчалы, Жылаңач (сол). Өрөөнү Тоң жана Нарын райондорунун жайыты.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]