Армян тайпак тоосу

Википедия дан
Армян тайпак тоосу.
Арарат.

Армян тайпак тоосу - негизинен Түркияда, ошондой эле Иран менен Закавказьеде (Армения, Азербайжанда) жайгашкан. Аянты 400 миң км2дей. Лава-туфтан турган жанартоо конустары (Арарат, бийиктиги 5165 м, Себелан, Сюпхан, Арагац жана башка) бар бөксө тоолордон жана тоо аралык өрөөндөр (Арарат, Эрзурум) менен бөлүнгөн анча бийик эмес кырка тоолордон турат. Тектоникалык чуңкурдуктардын көбүнүн таманын көл (Ван, Севан, Урмия) ээлеп жатат. Климаты континенттик. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрүндө 150— 300 мм, тоолордо 800 мм. Талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү, тикендүү бадал, айрым жерлеринде токой, шалбаа өсөт. Оазистерде дыйканчылык өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]