Рашида алмасы

Википедия дан

Рашида алмасы – Кыргызстандагы алма сорту. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багында чыгарылган. Бул сортту чыгарууда алманын александр апорту менен жонатан сорту кыйыштырылган. Рашида алмасы кышка чыдамдуу, илдет менен зыянкечтерге туруктуу, көп түшүм берет. Мөмөсү чоң, тоголок, кабыгы жука, саргыч жана кызгылтым түстө, салмагы 250 г, сулпу ак, ширелүү, даамдуу жана жыттуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]