Ботаника

Wikipedia дан

Ботаника (грекче botfne; чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөр жөнүндөгү илим; биологиянын бир тармагы. Ботаника көп тармакты: өсүмдүктүн сырткы, ички түзүлүштөрүн, систематикасын, геологиялык убакыт ичинде өнүгүшүн (эволюция), тектештик байланыштарын (филогения); өткөн жана азыркы замандагы таралуу законченемин (өсүмдүк географиясы), чөйрө менен өз ара байланышын, өсүмдүктөр жамаатынын түзүлүшүн (фитоценология же геоботаника), эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жана жолун (экономикалык ботаника), казып алынган өсүмдүктөрдү (палеоботаника), тиричилигин жана функциясын (өсүмдүк физиологиясы), химиялык курамын жана биохимиялык процесстерди (биохимия), чөйрө жана башка организмдер менен өзара байланышын (экология), өсүмдүк илдетин (фитопатология) жана башка изилдөөнү камтыйт. Изилденүүчү объектилерине карата альгология (балырлар), микология (козу карындар), лихенология (эңилчектер), бриология (мамык чөптөр), дендрология (дарак, бадалдар) жана башка болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү жөнөкөй түзүлүштүү микроскопиялык организмдерди микробиология изилдейт. Ботаника илим катары байыркы грек табият изилдөөчүлөрүнөн башталган. Өсүмдүктөрдү биринчи жолу классификациялоого аракет жасап, сыпаттап жазган грек табият изилдөөчүсү Теофраст ботаниканын «атасы» деп эсептелет. Ботаника 15-кылымдан тез өнүгүп, улам жаңы тармактары пайда боло баштайт. Анын өнүгүшүнө 18-кылымдын орто ченинде швед окумуштуусу К. Линнейдин ботаниканын өнүгүшүн жыйынтыктоосу, 19-кылымда физика менен химиянын жетишкендиктери, клетка теориясы жана Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусу, 20-кылымда генетика менен молекулалык биологиянын өнүгүшү чоң таасирин тийгизген. Ботаника геология, химия, физика, география жана башка илимдер менен тыгыз байланыштуу. Айыл чарбанын, токой чарбасынын, тамак-аш, текстиль, целлюлоза, жыгач иштетүү өнөр жайларынын көп маселелерин чечүүдө пайдаланылат. Кыргызстанда 1928-ж. «Топурак-ботаникалык бюро» деген туңгуч ботаникалык мекеме уюштурулуп, анда ботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. И. В. Выходцев менен Е. В. Никитинанын жетекчилиги астында геоботаника жана флористикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, республикада биринчи гербарий түзүлгөн. Кыргызстандын аймагында өсүүчү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 400 миңге жакын түрүн камтыган 11 томдон жана беш кошумча томдон турган «Кыргыз ССРинин флорасы» жарыкка чыккан (1955–88). Азыр ботаникалык изилдөөлөр КР УИАнын Биология жана топурак таануу институтунда, Токой жана жаңгак-чарба институтунда, ботаника багында, ошондой эле республиканын ЖОЖдорунда жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]