Талдар

Википедия дан
Тал‎»‎ барагынан багытталды)
Salix koreensis.

Талдар (лат. Salix, L. 1753) – талдар тукумундагы жазы жалбырактуу дарак жана бадалдар. Жалбырагы жөнөкөй 2 үйлүү өсүмдүк. Гүлү 1 жыныстуу, майда сөйкө сымал гүл тобуна чогулган. Т. уруусу негизинен мээлүүн жана суук зоналарда тараган. Бул уруунун көп түрү суукка чыдамдуу, нымчыл өсүмдүк. Негизинен вегетативдик жол менен көбөйөт. Уругу бышкандан кийин өнүмдүүлүгүн тез жоготот (көбүнчө 10 күнгө чейин). Ошондуктан алардын уругун жыйнап бүтөөрү менен себүү керек. Тез өскөндүгүнө жана кооз, ошондой эле шаар шартына туруктуу болгондуктан жашылдандыруу иштеринде кеңири пайдаланылат. Мындан тышкары дарыянын жээктерин бекемдөөдө, топурак эрозиясын токтотуу ишинде кеңири колдонулат. Т. уруусундагы өсүмдүктөрдүн чарбалык мааниси өтө зор. Жыгачы курулуш материалы катары жана химиялык өндүрүшүндө колдонулат. Кабыгы терини иштетүүдө жана медицинада кеңири колдонулуучу самщин затын алууда, жаш бутактары эмерек, себет жасоодо колдонулат. Бул уруу 700 түр, 3 тукумдан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]