Мазмунга өтүү

Топурак таануу

Википедия — ачык энциклопедия
Комплекстүү илим
Илим
Топурак таануу
Темасы

Жер жөнүндө илимдер

Изилдөө багыты

топурак

Түптөлгөн мезгили

1883-жыл

Негизги багыттары

топурактын химиясы, топурактын физикасы

Жардамчы дисциплиналар

агрономия, топурактын географиясы, топурак таануунун тарыхы

Изилдөө борборлору

 Орусия,  АКШ,  Германия ж.б.

Олуттуу окумуштуулары

Докучаев В. В., Сибирцев Н. М., Глинка К. Д. ж.б.

Топурак таануу Викиказынада
Топурак таануу.

Топурак таануу - топурак, анын курамы, касиеттери, түпкү теги, өнүгүшү, жайгашуусу жана рационалдуу пайдаланылышы жөнүндөгү илим.

Топуракты табигый нерсе, өндүрүш каражаты жана эмгек заты катары изилдейт. Негизги бөлүмдөрү: топурак генезиси, геохимиясы, топурактын физ., коллоид, биол. химиясы, физикасы, гидрологиясы, географиясы, картографиясы.

Топурак 18-кылымдын аягында Германияда изилдене баштап, өсүмдүктүн чиринди (гумус) менен азыктанышы жөнүндөгу теория пайда болгон. 19-кылымдын 40-жылдарында аны агрогеол. багыт алмаштырган. Бул багыт топуракты геол. түзүлүш катары гана карап, андагы биол. процесстерди эске алган эмес.

Байланыштуу макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.