Биохимия

Wikipedia дан

Биохимия (Биологиялык жана физикалык химия) — организмдеги химиялык заттардын составын, структурасын, таралышын, алмашуусун жана функциясын изилдөөчү илим.

Тарыхта өнүгүүсү[оңдоо]

Биохимия өз алдынча илим катары 19-кылым менен 20-кылымдын ортосунда органикалык химия, физиология жана башка илимдердин жетишкендиктеринин негизинде калыптанды.

Тирүү материяны химиялык көз караш менен изилдөө байыркы эле кезде башталып, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн составдык бөлүгүн изилдөө медицина, айыл чарба, өнөр жайдын талабына байланыштуу калыптанган. Жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүндөгү химиялык изилдөөлөргө медицина чоң таасир берген. 16-кылымдын башында Теофраст Парацельс[1] оорунун пайда болушу оорулуунун организминдеги химиялык процесстердин бузулушу менен байланыштуу жана аны дарылоо үчүн химиялык заттарды колдонуу керек экендиги жөнүндөгү окууну негиздеген. Кийинчерээк догдур менен дарычылар да чоң салым кошкон.

Биохимиянын изилдөөчү объекттере[оңдоо]

Биохимия тез өөрчүп, белгилүү объектти изилдөөчү өз алдынча бөлүктөрү (киши менен жаныбарлар биохимиясы, өсүмдүктөрдүн биохимиясы, микроорганизмдердин биохимиясы, техникалык биохимия — жаныбар менен өсүмдүк сырьёсун иштеп чыгуу, тамак продуктуларын даярдоо жана башка) пайда болгон. Аны менен бирге эволюциялык биохимия (тирүү организмдин өөрчүшүнүн ар кайсы стадиясындагы биохимиялык процесстерди изилдөө), биохимиялык генетика, молекулалык биология, квант биохимиясы, клиникалык биохимия калыптанган. 20-кылымда биохимиядагы ири жетишкендиктер биологияга так илимдердин (химия, математика, кристаллография) методдорун киргизүү менен байланыштуу. Электрондук микроскоптун жардамы менен ачылган тирүү клетканын ядросунда генетикалык информацияны берүүчү нуклеотиддердин, нуклеин кислоталарынын синтезделиши аныкталган. Белоктордун структурасы изилденип, түрдүү белоктордо аминокислоталардын ырааттуу жайгашуусу аныкталды; 200гө жакын белоктор (анын ичинде гормондор) синтезделди.

Кишинин ооруларын алдын алууда жана алардын диагностикасында биохимиялык ыкмалар маанилүү роль ойнойт. Кийинки кезде клиникалык биохимияда колдонулуучу түрдүү экспресс методдор жана автоматташтырылган аппарат менен кыска мөөнөттө (мисалы, 30 сек) жана изилдөөчү материалдын аз эле көлөмүндө (мисалы, кандын 1тамчысы) түрдүү заттардын өлчөмүн таап, диагнозду так коюуга жардам берет.

Шилтемелер[оңдоо]

  1. Парацельс

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8