Органикалык эмес химия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Органикалык эмес химия – химиялык элементтер жана алардан пайда болгон жөнөкөй жана татаал химиялык заттар жөнүндөгү илим. Ал химиялык элементтердин атомдорунун түзүлүшүн, касиеттерин толук изилдеп, алардан пайда болгон бирикмелердин курамын, түзүлүшүн, касиеттерин жана молекулалардын түзүлүшүн изилдейт. Ошондой эле азыркы мезгилдеги техникаларда колдонууга жарактуу механикалык бекем, жогорку температурага агрессивдүү чөйрөнүн, радиоактивдүү нурлардын таасирине туруктуу касиеттерге ээ болгон жаңы материалдарды алат жана алардын илимий негиздерин иштеп чыгат. Органикалык эмес химиянын теориялык негизи болгон стехиометриялык закондор – массанын сакталуу, курамдын туруктуулук, эселик катыш, эквиваленттер жана газдар аракеттенишкендеги жөнөкөй көлөмдүк катыш закондору химиялык айланыштардагы заттардын сандык катыштарын аныктаса, Д. И. Менделеевдин мезгилдик закону жана анын негизинде түзүлгөн элементтердин мезгилдик системасы органикалык эмес химиянын өөрчүшүнүн негизги фундаменти болуп кызмат аткарат. Органикалык эмес химиянын өөрчүшү 19-кылымдын 2-жарымына чейин жалпы химия илиминин өөрчүшү менен бирдикте жүргөн. Органикалык эмес заттар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар (металлдар – алтын, күмүш, жез, темир, коргошун, калай, сымап; көмүртек, күкүрт сыяктуу металл эместер) эзелтен эле белгилүү болгон. Ошол мезгилдеги металлдарды (жез, коргошун ж. б.) алтын, күмүшкө (асыл металлдарга) айландырууга багытталган иштер алхимиянын өөрчүшүнө алып келген. Алхимиянын мезгилинде өтө маанилүү минералдык к-талар HCI, H2SO4, HNO3, ошондой эле таза Аs, Sb, P алынган. Кайра жаралуу мезгилинен баштап металлургия, айнек, боёк, тери ашатуу ж. б. техникалык процесстер өнүгө баштаган. Бул убакта эксперименттик байкоолор жана машыгуулар, лаборатория аспаптар, заттарды тазалоонун ыкмалары (кристаллдаштыруу, буулантып айдоо, кайнатуу ж. б.) өздөштүрүлгөн. 18-кылымдын башында флогистон теориясы илимде өз ордун алып, бул теория ката болсо да, бир катар хим. кубулуштарды бир жалпы көз карашта түшүндүрүүгө аракет жасаган. 1756-ж. М. В. Ломоносов, кийинчерээк А. Лавуазье флогистон теориясын жокко чыгарып, күйүү кычкылтек менен заттардын ортосунда ишке ашкан реакция экенин далилдешти. 1789-ж. А. Лавуазье элементтердин тизмесин жарыялап, заттарды атоонун рационалдык системасын сунуш кылган. 19-кылымда атоммол. окуунун теор. негиздери иштелип чыкты. Атомдук массаларды аныктоо жана тактоо, стехиометриялык закондордун ачылышы жана химиядагы негизги түшүнүктөр (атом, молекула, эквивалент, валенттүүлүк жөнүндөгү) аныкталган. Ал учурда 60тан ашуун хим. элемент белгилүү болуучу. Булар 1869-ж. Д. И. Менделеев ачкан элементтердин мезгилдик законунда системага салынган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында металлургия, машина куруу, электр-хим. ө. ж-нын өсүшү менен түстүү металлдарды колдонуу кеңейген. 1915-ж. немис окумуштуусу В. Коссель, 1916-ж. америкалык физ.-химик Г. Льюис валенттүүлүктүн электрондук теорияларын сунуш кылышкан. Жаңы элементтерди издөөдө даниялык физик Н. Бордун атомдун түзүлүшүнүн кванттык теориясы (1913-ж.) чоң роль ойногон. Табигый радиоактивдүүлүктүн ачылышы менен химияда жаңы тармак – радиохимия пайда болгон. 1934-ж. жасалма радиоактивдүүлүктүн ачылышынан баштап табиятта кездешпеген химиялык элементтер жана изотоптор алына баштаган. 20-кылымдан органикалык эмес химиянын бир катар тармактары-комплекстүү бирикмелер химиясы, физика-химиялык анализ, стехиометриялык эмес бирикмелер, сейрек элементтер химиясы, органикалык эмес ири молекулалуу бирикмелер, жер семирткичтер химиясы, болот жана чоюндун химиясы, космос химиясы ж. б. бөлүнүп чыкты.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]