Күрөң көмүр

Википедия дан
Күрөң көмүр.

Күрөң көмүр — байыркы доорлордогу өсүмдүктөрдүн калдыктарынан пайда болгон көмүр. Жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү боюнча таш көмүрдөн начар, чым-көңдөн жогору. Чым-көңдөн тыгыздыгы, өсүмдүктөрдүн калдыктарынын аздыгы, таш көмүрдөн кара күрөң түсү, күлдүүлүгү, абада тез бузулушу, күрөң түскө өтүп кетиши менен айырмаланат. Курамында көмүртек 55-78%, суутек 4-6,5%, кычкылтек 15-30%ке жетет. Жылуулук берүү энергиясы 5400-7400 ккал/кг. Энергетикада, суюк отун, синтетикалык зат, газ, жер семирткич өндүрүп алууда химиялык сырьё катары колдонулат. Таш көмүр мезгилинен неогенге чейинки тоо тек катмарларында кездешет. Айрыкча мезозой, кайнозой замандарына мүнөздүү. Эң жука кабыкчадан жана 100-120 мге чейинки калыңдыктан турат. Ири кендери Кыргызстандын аймагында көп жолугат. Мисалы, Көк-Мойнок – Кара-Кече көмүр бассейни, Кызыл-Кыя көмүр кени жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]