Алмаз

Википедия дан
Алмаз.

Алмаз (гр. Adamas – «жеңилбес», ар. алмас — «өтө катуу») — минерал, куб сингониясында кристаллданган көмүртек кристаллдык модификациясы. Катуулугу жагынан жаратылышта андан өткөн зат жок (эл аралык шкала б-ча анын катуулугу 10). «Асыл таш» деп аталган минералдардын эң баалуусу. Ал түзүлүшү б-ча кубулуш касиеттерине өтө бай, өңү агыш, саргыч, жашыл ж. б. түрлөргө ээ. Таза А. тунук жана дүйнөлүк рынокто жогорку баага ээ. А. минералы атайын кырдаштырылып иштетүүнүн натыйжасында айрыкча туура геометриялык формага ээ болуп «каухар» же «бриллиант» деген аттар менен эл арасында белгилүү. А. электр тогун начар өткөрөт (көмүртектин экинчи модификациясы графитке карама-каршы), к-та жана щелочтордо туруктуу. Абасыз ысытууда (3600°С) графитке айланат. А. минералы жаратылышта майда кристаллдар түрүндө чачыранды болуп таралган. Ошондой болсо дагы, анын кендеринин жалпы жайгашуусу бөтөнчө «кемберлит түтүгү» деп аталган контурга ээ экендиги белгилүү. А. минералдары масс. б-ча 0,01 караттан миңдеген каратка чейин кездешет. Дүйнөдөгү эн чоң А. кристаллы «Куллинан 1» масс. 3106 карат 1905-ж. Түштүк Африкада табылган. Андан 105 бриллиант жасалган (анын бирөө «Куллинан 1» — 317 карат). А. дүйнөлүк рынокто зергерлик жана техникалык болуп эки түргө бөлүнөт. Акыркы мезгилде А. жасалма ыкма менен алуу иштери өнүгүүдө. А. колдонулушу өтө кеңири. Асем буюмдардан башка тоотектерин тешүүчү бургулар, айнек кескичтер ж. б. буюмдар жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]