Колумбит

Википедия дан
Колумбит.

Колумбит — кычкылдар классына кирүүчү минерал. Колумбит-танталит тобуна кирет. Бул топтун минералдары FeNB2O6 (таза колумбит) жана FeTa2O6—MnTa2O6 (таза танталит) сыяктуу изоморф катмарын түзөт. Курамында кошумча стронций, вольфрам, титан, цинк, сейрек жер элементтери жана чачыранды элементтер кездешет. Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү кара, кара-күрөң кээде кызгылтым-күрөң. Металлдай жалтырайт. Көбү күңүрт келет. Катуулугу моостун шкаласы боюнча 6,0. С. Салмагы 5,2-7,9. Кварцтуу сиенитте, аляскитте, биотиттүү гранитте, пегматитте кездешет. Ниобий кенташы болуп саналат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]