Буудай

Википедия дан
Жумшак буудай (Triticum aestivum).

Буудай (лат. Triticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин терең кетет. Сабагы көңдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги. 40–130 см. Бышкан буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү кылкандуу машак; көбүнчө өзү менен өзү чаңдашат, кайчылаш чаңдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан тең ортосунда жикчеси бар; өңү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өңүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме буудай. Алдыңкы Азияда, Түркмөнстанда биздин заманга чейинки 7-6 миң жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин Б. түзөт. 66° Түндүк кеңдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар жана башка бар. Даны, улпагы жана башка калдыктары баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары жана башкаларда пайдаланылат. Буудай бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде Буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк буудай –35°С, жаздык буудай. –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма-210, Кыргыз-16, Лютенсценс-46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 жана башка сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны жана башка Илдеттери: өсүмдүк даты, чаңгыл кебер жана башка[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Пиренофороз буудай: коркунучтуу жана аны менен кантип күрөшүү керек