Жумшак буудай

Википедия дан
Жумшак буудай.

Жумшак буудай (лат. Triticum aestivum, L. 1753) - буудайдын машагы узун, кылкандуу же кылкансыз, ак, саргыч, кызыл жылаңач дандуу түрү. Гексаплоиддүү түрү (сома клеткасында 42 хромосома болот) эң жумшак жана дүйнөнүн дыйканчылыгы өнүккөн бардык жеринде эгилет. Жумшак буудай кышка чыдамдуу, кургакчылыкка байымдуу келип, тез бышат. Данынан ун, акшак тартылып, аралаш тоют даярдалат. Жумшак буудайдын 250дөн ашуун түрү бар. Эң көп эгилгени: Лютесценс, Эритроспермум жана башка Кыргызстанда жумшак буудайдын Интенсивдүү (Ургаал), Эритроспермум 80, Кыргызстан 100, Фрунзе 60, Лютесценс 46 сорттору чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]