Аборигендер

Википедия дан

Аборигендер (лат. Aborigines байыркы) жергиликтүү эл. Байыркы Римде Лационун калкы аборигендер деп аталган. Учурда аборигендер деп негизинен австралиялык аборигендер аталышат. Аборигендер терминине «автохтондор» термини жакын түшүнүктө болуп, жергиликтүү калк дегенди түшүндүрөт. Аборигендер көбүнчө өлкөнүн, белгилүү бир аймактын байыркы калкы катары өзара уруу-тайпалык, тууган-туушкандык жана коомдук-тарыхый, экономикалык карым-катнашта болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1