Эйр

Википедия дан

Эйр (Eyre), Эйр Норт (Eyre Nort) - Австралиянын түштүгүндөгү туздуу ири туюк көл. Кургак жана чөлдүү аймактагы депрессияда (деңиз деңгээлинен 12 м төмөн) жайгашкан.

Муз каптоо доорунун реликтиси. Мезгил-мезгили менен дарыялардын кошулушунан жайында гана толот.

Аянты өтө өзгөрүп турат, айрыкча жайында (15 миң км2те, тереңдиги 20 мге чейин жетет); айрым жылдары соолуп калып, шорго айланат. 1840-ж. англ. Австралияны изилдөөчү Эдвард Жон Эйр ачкан. Көл анын ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4