Австралия платформасы
Көрүнүш
Австралия платформасы - Австралия материгинин батыш жана борбордук бөлүктөрүн жана Жаңы Гвинея аралынын түштүгүн камтыган кембрийге чейинки байыркы структура. Архей төмөнкү протерозой фундаменти метаморфизмге дуушарланган жанар тоо, гнейс, гранит тоотектеринен түзүлгөн. Жогорку протерозой палеозойдун чөкмөлөрү (жабындысы) терриген, карбонаттуу жана жанар тоо (платобазальт) тектеринен турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1