Доминион

Википедия дан

Доминион (лат. dominiom – ээлик, бийлик) – Британ империясынын курамындагы, Англия королун мамлекеттин башчысы деп тааныган өлкөлөр. Доминиондорду англиялык королго баш ийген генерал-губернаторлор башкарган. Бийликти доминион формасында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Канадага (1867), Австралия Союзуна (1901), Жаңы Зеландияга (1907), Түштүк Африка Союзуна (1910) жана Ирландияга (1921) доминион статусу берилген. доминиондордун эгемендиги 1931-ж. Вестминстер статуту менен бекитилген. 1947-ж. «доминион» термини «Шериктештик мүчөсү» деген термин менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1