Австралиянын флорасы

Википедия дан
Австралиядагы өсүмдүктөрдүн негизги топтору. Австралия атласы

Австралиялык материк жер шарынын башка бөлүктөрүнөн бор доорунун ортосунан баштап изоляцияда болгондуктан өсүмдүктөр дүйнөсү башкалардан өтө айырмаланып турат. 12 миң жогорку өсүмдүктөр түрүнөн 9 миңден ашыгы — эндемиктер, башкача айтканда Австралияда гана өсөт[1]. Эндемиктердин арасында — Австралиянын өсүмдүктөр бүлөсүнө типтүү келген эвкалипттердин жана акациялардын көптөгөн түрлөрү бар. Ошол эле убакта, бул жерде Түштүк Америкага (мисалы, түштүк бук), Түштүк Африкага (протея бүлөсүнүн өкүлдөрү) жана Малайя аралдарынын архипелагына таандык (фикус, панданус ж. б.) өсүмдүктөр кездешет. Бул, көптөгөн миллион жыл мурун материктер арасында кургактыктагы байланыштары болгондугун күбөлөндүрөт[2].

Австралиянын көпчүлүк аймагы чукул кургакчылдыгы менен айырмалангандыгына байланыштуу, флорасында кургактыкты жакшы көргөн өсүмдүктөр үстөмдүк кылат: өзгөчө дан өсүмдүктөрү, эвкалипттер, чатырлуу акациялар, суккуленттик дарактар (бөтөлкө дарагы ж. б.). Бул жамааттарга таандык дарактар кубаттуу тамыр системасына ээ, алар жерге 10—20, кээде 30 метрлик тереңдикке жайылат, буга ылайык, алар насос сыяктуу тереңдиктеги нымдуулукту сиңирип алышат. Дарактардын кууш жана кургак жалбырактары көбүнчө күңүрт боз-жашыл түскө боёлгон. Айрымдарынын жалбырактары суунун бууланып кетишин азайтуу максатында күнгө кыры менен карап турат.

Викториядагы эвкалипт токойлору

Континенттин четки түндүгүндө жана түкдүк-батышында ысык болуп, жылуу түндүк-батыш муссондор нымдуулукту ташып келгенине байланыштуу, тропикалык жаан-чачындык токойлор өсөт. Алардын курамында кууш жана узун жалбырактуу гигант эвкалипттер, фикустар, пальмалар, панданустар басымдуулук кылат. Дарактардын жыш жалбырактары жерди көлөкө кылып, дээрлик асманды жаап турат. Жээктердин кээ бир жерлеринде бамбуктун бадалдары кездешет. Жээктери түз жана балырлуу келген жерлерде мангр өсүмдүктөрү өнүккөн.

Жаан-чачындык токойлор кууш галерея түрүндө материктин ичин көздөй салыштырмалуу анча чоң эмес аралыкка дарыяларды бойлой кирет. Түштүктү карай тереңдеген сайын климат кургак болуп, чөлдөрдүн ысык деми күчтүүрөөк сезиле баштайт. Токой каптамы акырындан суюла баштайт. Эвкалипттер жана чатырлуу акациялар топ-топ өсөт. Бул кеңдик багытта созулган тропикалык токойлордон түштүгүрөөк багытта жайгашкан нымдуу саванналар аймагы. Көрүнүшү боюнча сейрек дарактардан турган саванна топтору парктарды элестетет. Бадалдык жаш өсүүлөр байкалбайт. Токойлошкон саванналар — койлор жана ири мүйүздүү мал үчүн жакшы жайыт.

Өтө ысык жана кургак болгон материк бөлүктөрүнүн борбордук чөлдөрү үчүн жыш, дээрлик киши өткүс, жапыз, негизинен эвкалипт жана акациялардан турган тикендер менен мүнөздүү. Австралияда бул бадалдарды скрэб аташат. Кээ бир жерлерде скрэб, кеңири, өсүмдүк өспөгөн же ак топурактуу чөлдөр менен алмашат, кээ бир жерлерде — бийик чымдуу дан өсүмдүктөр (спинифекс) менен алмашат.

Жаан-чачын көп жааган Чоң суу бөлгүч кырка тоосунун чыгыш жана түштүк-чыгыш капталдары жыш тропикалык жана субтропикалык түбөлүк жашыл токойлор менен капталган. Австралиянын бардык жериндегидей эле, бул токойлордо эвкалипттер көп. Эвкалипттер өнөр жайлык маанидеги баалуу дарактар. Бул дарактар жыгачы катуу дарактардын арасында бийиктиги боюнча теңдеши жок; булардын кээ бир түрлөрүнүн бийиктиги 100 м, диаметри 10 м чейин жетет. Эвкалип токойлорундагы жыгачтын өсүүсү чоң болгондуктан, булар өтө өндүрүмдүү келет. Токойлордо дарак сымал кырк муун жана папоротниктер көп, булардын бийиктиги 10—20 м жетет. Дарак сымал папоротниктер өзүнүн чокуларында ири куш жүнү сыяктуу (2 м чейин) баштары бар. Өзүнүн ачык жана жаңы жашылдуулугу менен булар эвкалипт токойлорунун күңүрт-жашыл пейзажын анчан-мынча жандандырып турат. Тоолордун жогору жагында дамарр-кызыл карагай жана буктардын аралашмасы байкалат.

Бул токойлордогу бадалдуу жана чөптүү каптамдар ар түрдүү жана жыш. Ошодой эле, бул токойлордун нымдуулугу азыраак жерлеринде экинчи катмарды чөптүү дарактар калыптандырат.

Материктин түштүк-батышында токойлор Дарлинг кыркасынын деңизге караган батыш капталдарын каптайт. Бул токойлор дээрлик толугу менен кыйла бийтиктерге жеткен эвкалипттерден турат. Эндемикалык түрлөр бул жерде өзгөчө көп. Эвкалипттерден тышкары, бөтөлкө дарактар кеңири тараган. Булар оригиналдуу бөтөлкө сыяктуу сөңгөккө ээ, түп жагы жоон келип, өйдө карай ичкерип кетет. Жамгырлуу мезгилдерде дарактын сөңгөгүндө суунун кыйла кору чогулуп, кургакчыл мезгилде дарак тарабынан керектелет. Бул токойлордун жаш дарактар аймагында түркүн түстүү боёкторго боёлгон бадалдары жана чөптөрү көп.

Жалпысынан Австралиянын токой ресурстары көп эмес. Токойлордун жалпы аянты 1970-жылдардын аягында континенттин жалпы аянтынын 5,6% түзгөн, анын ичинде жумшак жыгачка ээ болгон атайын отургузулган токойлор да бар (негизинен нурлуу кызыл карагай).

Биринчи колонисттер материкте Европага мүнөздүү өсүмдүктөр түрлөрүн табышкан эмес. Австралияга дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн европалык жана башка түрлөрү алынып келинген. Бул жерде маданий жүзүм, пахта, дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, күрүч, жүгөрү ж. б.), жашылчалар, көптөгөн мөмө жемиштүү дарактар жакшы өсүп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Orchard A.E. Flora of Australia — Volume 1, 2nd edition. ABRS/CSIRO, 1999. ISBN 0-643-05965-2  (англисче)
  • Павлов Н.В. Ботаническая география зарубежных стран. Ч. I и II. — М.: Высшая школа, 1965. — 312 с. (орусча)
  • Тахтаджян А. Л. Флористические области Земли. — Л.: Наука, 1978. — 248 с. (орусча)

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]