Чоң суу бөлгүч кырка тоосу

Википедия дан

Чоң суу бөлгүч кырка тоосу (Great Dividing Range), Чыгыш Австралия тоолору - Австралиянын түштүк-чыгыш жээгин бойлой, Кейп-Йорк жарым аралынанан Басс кысыгына чейин 4 миң км аралыкка созулуп жаткан тоо тизмеги.

Орто бийик (1000-1500 м) жана бүктөлүү-келки тоолор басымдуу. Алар негизинен акиташ, гранит, гнейс жана жанартоо тектеринен түзүлгөн. Кенге (вольфрам, калай, алтын, жез, титан-магнетит куму,күрөң жана таш көмүр, нефть жана газ) бай. Тоолордун чыгыш капталдары тик келип, кокту-колот, капчыгайлар менен тилмеленген. Жантайыңкы келген батыш капталдары адырлуу тоо этектерине өтөт. 28° түштүк кеңдиктен түндүккө карай жазылыгы 650 кмте жетип, бөксө тоолордон жана массивдерден (бийиктиги 1000 лг) турат. Андан түштүкте бийиктиги 2000 жден ашкан (Косцюшко чокусу, 2230 м) аралча массивдердин тизмеги созулуп жатат. Кырка тоодон Австралиянын көп дарыялары башталат, ирилери: Муррей, Дарлинг. Чыгыш капталдары жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл жана эвкалипт тропик токою, кургакчыл батыш беттери токойлуу саванна, саванна жана ксерофит бадалдары менен капталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4