Австралиянын фаунасы

Википедия дан
Коала

Австралиянын жана ага таандык аралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү өзгөчө Австралиялык зоогеографиялык аймакты белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул континентте жана ага таандык аралдарда жашаган сүт эмүүчүлөрдүн 379 түрү, канаттуулар — 974, сойлоп жүрүүчүлөр — 420, жана амфибиялардын 120 түрү белгилүү. Сүт эмүүчүлөрдүн 83%, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 89%, балыктардын жана курт-кумурскалардын 90% жана амфибиялардын (жерде-сууда жашоочулардын) 93% Австралия үчүн эндемикалык болуп саналат[1].

Австралиянын фаунасы өзүнө болжолдуу 200 000 жаныбарлардын түрлөрүн камтыйт, булардын арасында көпчүлүгү уникалдуу эндемикалык болуп саналат.

Сүт эмүүчүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алп кенгуру

Австралиянын фаунасы 379 сүт эмүүчүлөр түрүн, анын ичинде 159 баштыкчалуулар, 76 кол канаттуулар жана 69 кемирүүчүлөрдү камтыйт. Материк үчүн эндемикалуу деп саналган бир нече түркүм жана тукумдар бар:

  • Баштыкчалуу момолой түркүмү (Notoryctemorphia, 1 тукум, 1 уруу жана 2 түр);
  • Жырткыч баштыкчалуу түркүм (Dasyuromorphia);
  • Жалгыз тешиктүүлөр түркүмү (Monotremata). Өрдөк тумшуктуулар жана эхидналар;
  • Баштыкчалуу карышкырлар түркүмү (Thylacinidae). 1 түр — баштыкчалуу карышкыр же тилпцин (Thylacinus cynocephalus). Тасмания аралы;
  • Баштыкчалуу кумурска жегичтер түркүмү (Myrmecobiidae) 1 түр Австралияда;
  • Вомбат түркүмү (Vombatidae);
  • Баштыкчалуу аюуулар түркүмү (Phascolarctidae). Коала, же баштыкчалуу аюу (Phascolarctos cinereus).

Австралиянын символу болуп калган баштыкчалуу кенгуру жаныбары.

Канаттуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралияда канаттуулардын 800дөн ашык түрү жашайт, алардын 350 бул географиялык аймактын эндемиктери (Эму, Лиракуйруктар), анын ичинде Жаңы Гвинея, Жаңы Каледония (Кагу) жана Жаңы Зеландия (Киви).

Сойлоочулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралиянын фаунасында сойлоочулардын 950дөн ашык түрү бар[2].

Жерде-сууда жашоочулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралияда куйругу жана буту жок амфибиялар берилген эмес. Австралия түрлөрү үчүн куйруктуу амфибиялардын 216 жана 1 интродуцияланган (интродуция — адам тарабынан атайын же кокус көчүрүлгөн кайсы бир жаныбардын түрү) (Bufo marinus) тукум бар[2].

Балыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралиянын жана айланасындагы сууларда балыктардын 4400 ашык түрлөрү табылган, алардын 90% эндемиктер. Бирок, 170 түрү гана тузсуз сууда жашоочулар[3].

Омурткасыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Австралиядагы 200 000 жаныбар түрүнүн дээрлик 96% омурткасыздууларга, 90% курт-кумурскалар жана моллюскаларга туура келет.

Курт-кумурскалардын арасында эң көп ар түрдүүлүккө катуу канаттуулар ээ, булар Австралияда 28 000 түрлөр менен берилген (негизинен Scarabaeoidea жана Curculionoidea бүлө үстүндөгүлөр). Кабырчык канаттуу курт-кумурскалар (Lepidoptera) түркүмү 20 816 түр менен берилген, жаргак канаттуулар түркүмү (Hymenoptera) — 12 781 түр (анын ичинде кумурскалар — 1275 түр жана түрчөлөр). Эки же кош канаттуулар түркүмү (Diptera, чиркейлер жана чымындар) — 7786 түр[4].

Австралиядагы кенелердин фаунасы (Acari) 240 бүлөнүн 2700 түрүн камтыйт (түркүмдөр боюнча: Astigmata — 330 түр, Oribatida — 330, Prostigmata — 1270, Ixodida — 80, Holothyrida — 3, Mesostigmata — 675). Эң чоң бүлөлөр: Atopomelidae (98 түр), Steganacaridae (63), Eriophyidae (49), Trombiculidae (114), Tetranychidae (54), Frythraeidae (102), Ixodidae (68), Laelapidae (147), Phytoseiidae (109) жана Rhinonyssidae (90).

Австралия көптөгөн эндемикалык жөргөмүш сымалдуулар менен белгилүү[4].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ECOportal. Эндемики Австралии (орусча)
  2. 2.0 2.1 The reptile database (англисче)
  3. American Museum of Natural History. Amphibian Species of the World (англисче)
  4. 4.0 4.1 Halliday Robert B. (1998). Mites of Australia: A Checklist and Bibliography. CSIRO (Australia) Series: Monographs on invertebrate taxonomy; vol 5. Csiro Publishing. 1998. Pp.1870— 2842. ISBN 0-643-06370-6 (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]