Абель Тасман

Википедия дан
Тасман Абель Янсзон‎»‎ барагынан багытталды)
Абель Тасман.
Жаңы Зеландия, 1642.

Тасман Абель Янсзон [1603-жылы туулган, Потьегаст, Гронинген провинциясы, Нидерланд – 10. 10. 1659, Батавия (азыркы Жакарта), Индонезия] – голландиялык деңиз саякатчысы, Океания менен Австралияны изилдөөчү жана соодагер. Ал дүйнөгө 1642-44-жылдардагы деңиз саякаттарында таанылган. Европалыктардан алгачкылардан болуп Жаңы Зеландиянын батыш жээгин, Тонга аралын ж. б. жерлерди ачкан. Ал Австралия өзүнчө континент экендигин далилдеген. Тасман 1638–51-жылдары Индияга, Японияга, Жаңы Зеландияга жасалган саякаттарды жетектеген. Анын ысмынан аталган Тасман аралын (1642), Тасман деңизин (Тынч океандын түштүгү менен Австралиянын жана Жаны Зеландиянын ортосундагы деңиз), Бонин ж. б. аралдарды, чуңкурдукту ж. б. ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]