Материктик тайыздык

Википедия дан
Материктик тайыздык.

Материктик тайыздык, сайроон – материк жээгинин суу алдындагы тайыз түздүгү. Генезиси боюнча материк платформасынын уландысы. Жазылыгы бир нече кмден 130 кмге чейин. Дүйнөлүк океандын түбүнүн 8%ке жакынын ээлейт. Мурда материктик тайыздыктын сырткы чеги 200 м тереңдикте деп эсептелсе, кийинки изилдөөлөрдүн натыйжасында анын сырткы чеги 1500–2000 м тереңдиктен өтө тургандыгы аныкталды (мисалы, Охота деңизинин Түштүк Курил чуңкуру жана Жаңы Зеландиянын жээги). Материктик тайыздыкта материктен келген ар кандай үбөлөндү чөкмөлөр көп чогулат жана анын суусу организмдерге бай келет. Түбүнөн түрдүү кен байлык (нефть, газ ж. б.) казып алынат. Материктик тайыздык – Дүйнөлүк океандын балыкка өтө бай бөлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]