Голланддар

Википедия дан

Голланддар, нидерланддар (өздөрүн холандерс деп аташат) – эл, Нидерланддын негизги калкы. Канада, АКШ, Батыш Европа, Африка, Азия, Вест-Индияда да жашашат. Саны 14 млн киши, анын ичинде Нидерландда 12,3 млн (2000). Нидерланд тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү протестанттар (кальвинисттер, меннониттер, баптисттер), католиктер. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымында азыркы Нидерланддын аймагында негизинен кельт уруулары жашаган. Биздин замандын башында бул жерге герман уруулары (фриз, батав) көчүп келишкен. Нидерланд аймагынын бир бөлүгүн римдиктер басып алган мезгилде (биздин заманга чейинки 1-кылым – биздин замандын 5-кылымы) франктар, сакстар отурукташып (биздин замандын 3–4-кылымдар), кельттер, батавдар менен ассимиляцияланган. Улуу Карлдын убагында бүткүл Нидерланд обл. Франк мамлекетинин курамына кирип, анын бийлиги кулагандан кийин (843) Чыгыш Франк королдугу бөлүнүп чыккан. 15-кылымда голланддар Габсбургдардын, 1556-жылдан Испания бийлигинде болгон. 1579-ж. Утрехт униясы Түндүк провинция Голландия, Зеландия, Утрехт, Гелдерланд, Гронинген, кийин Оверэйесел жана Фрисландия менен бириктирилип, Кошмо провинциялардын республикасы түзүлгөн. 16-кылымда Нидерланд буржуазиялык революциясынын жеңиши голландардын улуттук консолидация процессине түрткү берип, адабий тили, экономикасы жана мадарыясыты тез өнүккөн. 20-кылымдын 2-жарымында Нидерланддагы тектеш голланд, фламанд, фриз элдери бир улутка биригип, нидерланд этносун түзгөн. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук, бакчачылык жана гүл өстүрүүчүлүк менен кесиптенишкен. Калктын көбү шаарларда жашашып, өнөр жай жана соода тармагында иштейт, аз бөлүгү айыл-кыштактарда. Голланддарда байыркы салттар сакталган. Аялдар сайма менен кооздолгон, асыл таштар чөгөрүлүп, токулган калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен сүт, эт, балык азыктары жана жашылча-жемиштер. Улуттук майрамдары катары ыйык Мартин күнү 11-ноябрь, ыйык Николай күнү 6-декабрь, жаз майрамы Масленица, балыкчыларды тосуу ж. б. майрамдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]