Фламанддар

Википедия дан

Фламанддар - герман тилдүү топтогу эл, Бельгиянын жергиликтүү калкы.

Жалпы саны 7 млн 230 миң киши (2010). 5 млн Бельгияда (Фландрия), 1,7 млн Нидерландда (түштүгүндө)[1], 250 миң Франциянын Бельгия менен чектеш жерлеринде жашайт. Нидерландда жашаган Фламанддар голланддарга сиңишип, алар менен бир улутка айланган. Нидерланд тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү - католик. Фламанддардын этностук негизин франк, сакс жана фриз уруулары менен аралашып кеткен франктардын батыш герман, ошондой эле кельт уруулары түзгөн. Этнос катары 17-19-кылымдарда калыптанган. Нидерланд буржуазиалык революциясынан (16-к.) кийин фламанддар бытырап, көпчүлүгү Испания бийлигинде калган. 1830-ж. фламанддар менен валлондор биригип, көз карандысыз Бельгия мамлекетин түзгөн. Салттуу кийим-кечектери голландыктарга окшош. Аялдары - көйнөк, кофта, корсаж, юбка, алжапкыч, башына чепец кийип, түстүү же клеткалуу шалы жоолук салынат. Тамак-ашы негизинен - жашылча, балык азыктары, took сорпосу. Майрам күндөрү пирог жана булочка даярдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. {{Большая советская энциклопедия — 1988 г.}}