Франк мамлекети

Википедия дан

Франк мамлекети - 481-жылдан 843-ж. чейин өкүм сүргөн Европадагы биринчи ири саясий бирикме.

Батыш жана Борбордук Европа аймактарын камтыган. Мамлекет франктардын атынан аталган. Франктар 3-кылымда пайда болуп, эки бутакка бөлүнгөн: примордук же сали франктары (Рейндин ортонку агымында жашагандар) жана рипуардык франктар (Маас жана Рейн жээгиндеги тургундар). Каталаун талаасында (451) Аттилага каршы салгылашып, женишке жетишкен франк кол башчыларынын бири Меровей жана анын небереси Хлодвиг (Хильдериктин уулу) болгон. Франк мамлекети менен меровингдер жана каролингдер династиясынын королдору бийлеген. Хлодвиг (меровингдер тукумунан) баштаган франктар 486-ж. Рим империясын (Түндүк-Чыгыш Галлияны) басып алып, Франк мамлекети менен негиздеген. Ошондой эле анын тушунда Франк мамлекети Рейн дарыянын ортоңку жана жогорку алабын мекендеген алемандарды (496), Аквитаниядагы вестготторду (507) багынткан. 534-ж. Франк мамлекетине бургунддар (королу Годомар), 536-ж. Прованс (остгот королу Витигис), 6-кылымдын 30-ж-нда Везер жана Эльбанын ортосундагы тюринг аймактары жана алемандардын приальпы ээликтери, 50-ж. Дунайдагы баварлардын жерлери каратылган. 7-кылымда меровингдер династиясы начарлап, 8-кылымда бийликке каролингдер (751-ж. Карл Мартеллдин уулу Кодо Пипин өзүн Ф. м-нин королу деп жарыялап, Каролинг династиясын негиздеген) келген. Улуу Карл (768-814) лангобарддар (773-774), сакстар (772-804), испан арабдары (778-779, 796-810), аварлар (791-799), славяндар (789-806) менен согушуп, ири империя түзгөн. Ал аскер жана сот реформаларын жүргүзүп, Батыш Европада феодалдык мамилелердин калыптанышына таасир тийгизген. Дыйкандар ири жер ээлөөчүлөргө баш ийип, феодалдык ак сөөктөрдүн бийлиги күчөгөн. Катаал феодалдык эзүү дыйкандар менен феодалдардын ортосунда таптык күрөштү пайда кылган. 843-ж. таптык күрөш жана бийлик талашкан согуштардан улам Карлдын неберелеринин (Людовик I, Лотарь I) тушунда Верден келишими (843) боюнча империя үчкө (Франция, Германия жана Италия) бөлүнгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4