Лангобарддар

Wikipedia дан

Лангобарддар (нем. langobarden – узун сакалчандар) – батыш германдыктарга таандык байыркы эл. Орто кылымдагы лангобард тарыхый булактары боюнча лангобарддар Скандинавиядан чыгып, винил бирикмесине кошулган, вандалдар менен согушуп, ийгиликтерге жетишкен, Водан кудайынан жаңы аталышка (узун сакалчандар) ээ болгон. Биздин замандын 5-кылымында Төмөнкү Эльбанын сол жээгинде жашап, убактылуу римдиктерге баш ийген. Тез эле оң жээктеги жерлерди ээлеп, Маробода бирикмесине кирген. Тациттин маалыматтары боюнча биздин замандын 1-кылымында лангобарддар свевдерге таандык согушчан уруу болгон. 488–489-ж. герман урууларынын жерлерине отурукташкан. 6-кылымдын башталышында Ортонку Дунайда жашаган герул урууларына кол салып, алардын Түндүк Дунай тобун караткан. Карпат ойдуңунун түндүгүндөгү славяндар менен тыгыз алакада болуп, дунайлык свевдер менен ассимиляцияланган. 535- жана 539- жылдарда Византия менен аскердик келишим түзүп, мурдакы рим провинциялары –Паннония I, Валерия, 546–547-ж. Нориктин жарымын ээлеп, 552-ж. гепиддерди талкалаган. Король Альбоиндин мезгилинде (болжол менен 565–572) аварлар менен союз түзүп, 568-ж. өз аймактарын аварларга калтырып, Италияга кетишкен. 572-ж. лангобарддар Түндүк Италиянын негизги бөлүгүн ээлеп, Лангобард королдугун негиздеген. 8-кылымдын орто ченинде королдук бийлик начарлай баштаган, 773–774-ж. Король Дезидерийдин учурунда лангобарддар королдугун Улуу Карл каратып алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7