Улуу Карл

Википедия дан

Карл I Улуу (латынча Carolus Magnus) (2. 4. 742– 28. 1. 814, Ахен) – франк королу (768-жылдан), императору (800). Каролинг династиясы Карл Iнин ысмынан аталган. Көптөгөн жортуулдардын натыйжасында лангобарддар (773–774, 776–77), бавар герцогу Тассилон (788), сакстар (772–804), испаниялык арабдар (778–779, 796–810), аварлар (791–799), славяндар (789–806) менен согушуп, ири империя түзгөн. 800-жылы Рим папасы Лев III Карл Iге император таажысын кийгизген. Карл I «мамлекеттик элчилер» аркылуу графтардын иштерин текшерип турган. Католик чиркөөсүнө таянып, чиркөө кызматкерлерине жогорку кызматтарды, кеңири укуктарды берген. Епископтордун дайындоолоруна кийлигишип, басып алган жерлердин элин зордоп христиан динине киргизген. Анын саясаты Батыш Европада феодалдык мамилелердин калыптанышына таасир тийгизген. Карл Iнин учурунда Франк мамлекетинде маданияттын кээ бир тармактары өнүккөн. Карл Iнин империясы 843-жылы кулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]