Каролингдер

Википедия дан

КаролингдерФранк мамлекетиндеги королдор менен императорлор династиясы. Карл I Улуунун ысмынан аталган. 751-жылы Меровингдерди алмаштырып, 10-кылымга чейин бийлик кылган. Каролингдер династиясы аны негиздеген Пипин Ланденскийдин (7-кылым) тушунда күчтөнө баштап, небереси Геристальский, чөбөрөсү Карл Мартелл жана анын уулу Кодоо Пипиндин (Каролингдердин 1-королу) бийлиги учурунда ого бетер чыңдалып, айрыкча Карл I Улуунун (768–814-жылы башкарган, 800-жылдан император) тушунда өтө күчөгөн. 814-жылы бийлик анын уулу Людовик Благочестивыйга өтүп, Верден келишими (843) боюнча империяны Карл I Улуунун неберелери бөлүп алган. Империя биротоло кулагандан кийин Каролингдер Италияда 905-жылга, Германияда 911-жылга, Францияда 987-жылга чейин бийлик кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]