Верден келишими (843)

Википедия дан

Верден келишими (843) - Улуу Карлдын неберелеринин ортосунда анын империясын бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн. Верден келишими боюнча император титулун алган Лотарга Италия, Рейн менен Ронанын боюндагы жер (Лотарингия) тийген; Кашка баш Карлга Рейндин батышындагы жерлер Батыш Франк королдугу, Людовик Немецкийге Рейндин чыгыш жагындагы жерлер Чыгыш Франк королдугу тийген. Келишим боюнча Франк мамлекетин бөлүү калыптанып жаткан француз, италян жана немис элдеринин чек араларына шайкеш келген да, 3 ири мамлекеттин (Франция, Германия, Италия) түзүлүшүнө алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]