Шотланддар

Википедия дан

Шотланддар, скоттс - улут, Улуу Британия а-нын түндүк жарымында жана ага чектеш аралдарда жашайт.

Ошондой эле иммигрант- Шотланддар жана алардын тукумдары АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландияда жашашат.

Шотланддардын жалпы саны 6100 миң киши, а. и. 5185 миңи Шотландияда. (2012). Шотланддар лоуленддер, гэлдер ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Англис-шотланд, гэл, англис тилдеринде сүйлөшөт. Дини боюнча көбү протестанттар, католиктер да бар. Шотланддардын этностук негизин жергиликтүү пикт жана 5-6-кылымда Ирландиядан келген кельттердин скотт уруулары түзгөн. Шотланддар 11-кылымда калыптанган. Шотланддар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишет. Азыркы мезгилде көбү өнөр жайларда иштешет. Салттуу маданияты боюнча ирланддарга жакын. Аялдары жол жолу бар же клеткалуу узун юбка, барпайта кооздолуп тигилген, узун жендүү кофта, башына чепец кийип, ийинине клеткалуу оромол жамынышат. Эркектери жалпы улуттук шотландиялык костюм, клеткалуу ыштан кийишет. Тамак-ашы - сулу жана буудай наны, сулу боткосу кеңири колдонулат. Алкоголдук суусундугу - виски.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4