Экватордук климат

Википедия дан

Экватордук климат - экватордук агым тилкесин камтыган ысык жана нымдуу климат.

Атмосфера басымдын төмөндүгү, абанын температурасынын жогору (24-28°С) жана туруктуу болушу; жаан-чачындын молдуулугунун жыл ичинде бирдейлиги, түздүктөрдө 1500 ммден ашык, айрым жерлерде 6000-10 000 мм (тоолордун айдарым калталдарында) менен айырмаланат. Нымдуу экватордук токой ландшафты басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4