Арагондуктар

Википедия дан

Арагондуктар  (араг. Aragoneses) — Испаниядагы роман эли.

Арагондуктар

Арагон улуттук желеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 1,2 млн адам
 Испания
Арагон автономиялык жамааты

Тили

арагон, испан

Дини

католицизм

Тууган элдер

испандар, каталондор

Алар Испаниянын түндүк-чыгышындагы Арагон тарыхий аймагында, ошондой эле Каталония (айрыкча Барселона шаарында) жана Валенсияда жашашат. Арагондордуктар көбү шаарда турушат.
Саны 1,2 млн адам.
Арагон жана испан тилдеринде сүйлөшөт.
Ишенгендер — католиктер.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагондук улуттук иденттүүлүк 11-16-кылымдарда болгон Арагон падышалыгы менен байланышкан. Арагондун аймагы басктардын, гаскондордун, кастилдердин, каталондордун, маврлардын, провансалдардын этномаданий таасирин башынан өткөргөн. Арагон менен Кастилия бирдиктүү испан мамлекетине бириккенден кийин (1479ж.) арагондуктар менен кастилиялыктар болочок испан улутунун негизи болушкан. Арагондуктардын бир бөлүгү каталондуктар жана Түштүк Италиянын (Арагондун ээлиги) калкы менен ассимиляцияланган. Азыркы мезгилде Арагон автономиялык жамааттында жашаган арагондуктар улуттук аң-сезимин жана өзгөчөлүгүн сактап калышты. Алар өздөрүн испан деп эсептешпейт.


Арагон улуттук кийимин кийген бала (1902ж.).

Чарбачылык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагондо субтропикалык климаттын шартында Жер ортолук деңиз тибиндеги айыл чарбасы өнүккөн. Эбро дарыясынын өрөөнүндө  сугаруу практикаланат.
Олива, жүзүм, алма, өрүк, шабдалы, алмурут, кара өрүк, бадам өстүрүлөт.
Жашылчалардан помидор, пияз, баклажан, калемпир, картошка өстүрүлөт.
Козу карын чарбасы өнүккөн. Испаниянын кара трюфелдин көпчүлүгү Арагондо өстүрүлөт.
Эт-сүт мал чарбасы (кой, уй).
Балчылык.
Экспортко олив майын жана шараптарды (кариньена, калатаюд, кава, пачаран) чыгаруу.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар түрдүү арагон тамактары жергиликтүү жашылчалардан, жемиштерден жана козу карындардан турат. Тамак даярдоодо зайтун майы, жергиликтүү соустар жана татымалдар колдонулат. Эттен жасалган тамактарга козу, тоок, коён, чил колдонулат.
Негизги тамактар:

  • Оливада — оливадан жасалган паштет.
  • Мигас (арагон варианты). Ышталган колбаса, бекон, калемпир менен олив майына куурулган нан күкүмдөрүн камтыйт. Көбүнчө жүзүм жана жумуртка менен берилет.
  • Borrajas con patata. Борага жалбырактары, жумуртка жана олива майы менен бышырылган картошка.

Ошондой эле арагондуктардын рационуна жергиликтүү таттуу десерттер, кой сырлары, шараптар кирет.

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагондуктардын элдик бийи хота болуп саналат. Бий ритмикалык кыймылдар жана секирүүлөр менен коштолот.
Кээ бир жерде маврлар менен христиандардын күрөшүн туураган кылыч бийи аткарылат.
Арагон музыкасында салттуу түрдө чикотен, чифло (флейта), гайта де бото (чоор), дульсайна жана аккордеон сыяктуу аспаптар колдонулат.

Белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Antonio Beltrán Martínez y José Manuel Porquet Gombau, Gastronomía aragonesa en Enciclopedia temática de Aragón, Zaragoza: Ediciones Moncayo, ISBN 84-7675-018-8