Шарап

Википедия дан

Бор же шарап - жүзүм, алма ж. б. жемиштерден ачытылып алынуучу ичимдик.

Сырьёну майдалоо, сабагынан ажыратуу жана шире алуу, ширени жана маңызды спиртке ачытуу, спирт кошуу (күчтүү Ш. алуу үчүн) менен алынган Ш. көпкө сакталып, күчүнө келтирилип жана атайын иштетилет (чыпкалоо, пастерлөө ж. б.). Көмүр кычкыл газы менен каныккан шуулдама (мис., шампанское), газдалган (мис., сидр) Шараптар өзгөчө топту түзөт. Шараптын курамы суу (көлөмүнүн 7392% и), спирт (негизинен этил спирти), көмүртек диоксиди, органикалык к-талар (шарап, алма к-талары, аз санда акак, сүт, уксус к-талары), кант, витаминдер, азот бирикмелери (мис., амин к-талары), фенолдук (а. и. боегучтар), ароматтык заттар ж. б-дан турат. Түсү боюнча ак, кызыл жана кызгьшт Шарап болуп айырмаланат. Технологиясы жана негизги компоненттери боюнча ашканалык (накта) жана атайын (ЕЭК регламенти боюнча - ликёрдук) болуп бөлүнөт. Накта Шарап атайын винодон айырмаланып, ага спирт кошулбайт. Курамындагы кантка жараша накта Шарап кычкыл (сухие, кант концент-сы 4 г/дм3), орточо кычкыл (полусухие, 4-18 г/дм3), орточо таттуу (18 - 45 г/дм3) жана таттуу (45 г/дм3дан жогору) болуп бөлүнөт. Атайын Шараптарга портвейин, мадера, марсала, малага, мускаттар, кагор ж. б. кирет.[1][2]

Кыргызстандын Шарап рыногунда 60тан ашык Шарап чыгаруучу ишканалар иштейт, а. и. «Кант вино» ишканасынын продукциясы басымдуулук (22%тей) кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Шарап зыяндуу эмеспи?
  2. Шарап экстракты үчүн эмен тилкесин кошуу