Коми-пермяктар

Википедия дан
Коми-пермяктар

Коми-пермяктар.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 55 786 (2021ж.)
 Орусия
Коми-Пермяк округу

Тили

коми-пермяк,
орус

Дини

православие

Кирет

финн-угор

Тууган элдер

комилер, удмурттар

Келип чыгышы

Гляденов жана Роданов археологиялык маданияттары

Коми-пермяктар (коми морт, коми отир, коми-пермяккез)[1] — Россиядагы финно-угор эли. Алар Пермь крайынын түндүк-батышында Коми-Пермяк округунда жашашат.
Коми-пермяктар язвин, зюздин жана иньвен этнографиялык топторго бөлүнөт.
Жалпы саны 55 786 адам (2021ж.).

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Пермь" ("пермяндар", "пермяктар") этноними, кыязы, "чет жерде жаткан жер" дегенди билдирген ("пера маа") вепс тилинен алынган.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коми-пермяк жана орус тилдеринде сүйлөшөт.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Христиан дининин православдык багытын тутунушат. Старообряддыктар да бар.
Шаманизмдин элементтери сакталып калган.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аңчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук менен алектенишкен. Азыркы мезгилде айыл чарбасында жана токой өнөр жайында иштешет.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коми-пермяктардын ата-бабалары Гляденов жана Роданов археологиялык маданияттарынын алып жүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Коми-пермяк урууларынын калыптануу процесси 5-6-кылымдарда башталган.
1462-жылы коми-пермяктар христиан динин кабыл алышат.
1472-жылы коми-пермяктардын жерлери Москва мамлекетинин курамына кирген. Ошондон бери коми-пермяктар орустардын маданий жана тилдик таасири астында. Көпчүлүгү орус тилине өтүштү же жарым-жартылай орустар менен аралашып кетишти. Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, Пермь крайынын, Свердлов жана Киров (түндүк-чыгыш бөлүгү) облустарынын орус тилдүү калкы коми-пермяктардын урпактары. Коми-пермяктар орустар менен бирге Батыш Сибирди колониялаштырууга катышкан.

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудым-Ош жана Пере маданий баатырлары тууралуу эпикалык уламыштар кеңири тараган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Коми-пермяктар (орусча)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]