Комилер

Википедия дан

Комилер (өздөрүн комиморт, комивойтыр деп аташат) коми-зыряндар – Россия Федерациясында жашаган эл, Коми Республикасынын негизги калкы. Архангел, Мурман, Свердлов, Омск, Тюмень областарында, Ненец, Ямал-Ненец жана Ханты-Манси автономдуу округдарында да жашайт. Жалпы саны 344, 5 миң киши, анын 292 миңи Комиде (2000). Коми тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православныйлар, эски ырым-жырымдарды туткандары да бар. Комилер коми-пермяктар жана удмурттар менен тектеш. Алар жогорку вычегда, вымич, ижем, печор, прилуз, сысоль, удор ж. б. этностук топторго бөлүнөт. Комилердин этностук негизин пермьвычегда уруулары, вепсы, байыркы марийлер, обь угорлорунун ата-бабалары, чыгыш славяндар түзгөн. Комилер дыйканчылык, мал чарбачылык (бугу багуучулук), балык уулоо, ошондой эле аңчылык менен кесиптенишип, оймо-чиймелер менен кооздолгон, жыгачтан салынган үйлөрдө жашашкан. Аялдары жеңи узун көйнөк, сарафан, кыска, кенен тигилген күрмө, башына кокошник (түндүк орус дыйкан аялдарынын байыркы баш кийими) эркектери шымдын сыртына көйнөгүн чыгарып, кур курчанып, кышкысын тон, башына кийиз калпак же кой терисинен жасалган баш кийим кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]