Удмурттар

Википедия дан

Удмурттар (өздөрүн вотяктар, удмурт, удморт дешет) - финн-угор эли, Удмурт Республикасынын жергиликтүү калкы.

Россия, Казакстан, Украина, Беларусь, Өзбекстанда да жашашат. Жалпы саны 570 000 киши, алардын ичинен Удмуртияда 410584 (2010). Удмурт жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православныйлар. Тарыхый маалыматтар боюнча Удмурттардын ата-теги Вятка-Кама аймагында жашаган байыркы уруулар менен байланыштуу. Б. з. 1-мин жылдыгынын аягында түштүк У. Булгариянын, кийинчерээк Алтын Ордо жана Казан хандыгынын бийлигинде болгон. 1489-ж. түндүк Удмурттар, 1557-ж. түштүк Удмурттар Россиянын курамына кирген. Удмурттар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Салттык кийимдери - аялдары жеңдүү көйнөк, чапан, саймаланган бут кийим кийип, алжапкыч тагынып, кооздуктарды (монета, шуру ж.б.) колдонушкан. Эркектери жакасы кыйгач топчуланган, тик жакалуу көйнөк, ыштан, жүн калпак кийген. Тамак-ашы - негизинен эт, дан, сүт азыктары. Суусундук үчүн кызылча квасы, морс суусундуктары, сыра, колго тартылган арак кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4