Коми тили
Көрүнүш
Коми тили, коми-зырян тили – Коми Республикасында жашаган комилердин тили. Финн-угор тил уясынын пермь топчосуна кирет. Коми тилинин жазмасы 14-кылымда түзүлгөн. Онго жакын говору бар. Адабий тили Улуу Октябрь революциясынан кийин сыктывкар-вычегда говорлорунун базасында калыптанган. Комилер эки тамга (о, i) кошумчаланган орус алфавитин колдонот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9