Мазмунга өтүү

Говор

Википедия долбоорунан

Говор ― жалпы элдик тилдин же диалектинин ичиндеги белгилүү бир аймакка тараган тилдик өзгөчөлүк. Ал өзгөчөлүктөр тилдин фонетикасынан, грамматикасынан, лексикасынан байкалат. Кыргыз тилинде Ысык-Көл, Талас,Тянь-Шань, Чүй жана ичкилик (түш. кыргыздарда) жана башка говорлору бар. Говорго адабий тилдин эрежелерине туура келбеген грамматикалык, тыбыштык же лексикалык өзгөчөлүктөр мүнөздүү келет; 2) коомдун белгилүү бир социалдык катмарына тиешелүү тилдик өзгөчөлүк.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:2-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1