Брэила

Википедия дан

Брэила – Румыниянын түштүк-чыгышындагы шаар. Брэила жудецинин (уезд; администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 212,3 миң (2006). Дунайдын сол жээгинде, чатынан 170 км аралыкта жайгашкан. Маанилүү жол тоому; өлкөнүн ири портторунун бири, Дунайдагы кеме жолунун акыркы пункту. Алгач 1368-ж. Валахия княздыгынын борбору катары эскерилет. 1462-ж. өрттөн жабыркаган. 20-кылымдын башынан ири дарыя порту (негизинен эгин ташылат); Румыниянын соода жана диний борбору. Чиркөөлөр жана башка турак жай курулуштары (19-кылым), монумент, китепкана, музейлер, жазуучу П. Истратинин үй музейи, театрлар бар. Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт. Болот прокат, металл иштетүү, машина куруу, химиялык, целлюлоза-кагаз (анын ичинде камышты иштетет), тигүү, курулуш материалдар өнөр жайы иштейт. Шаардан 7 км түштүк-батышта Лаку-Сэрат бальнеологиялык-баткак курорту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]