Мазмунга өтүү

Эл аралык валюта фонду

Википедия — ачык энциклопедия
ЭВФ‎»‎ барагынан багытталды)
Эл аралык валюта фонду
International Monetary Fund (IMF)

Эл аралык валюта фондуна мүчө мамлекеттер

Мүчөлүк:

190 (189 таанылган мамлекеттер жана Косово)[1][2]

Штаб-квартира:

 АКШ, Вашингтон

Уюмдун түрү:

БУУнун адистештирилген уюму

Расмий тили:

англис тили

Жетекчилери
Башкаруучу директор

Кристалина Георгиева[3]

Негизделген
Эл аралык валюта фондунун хартиясынын түзүү

22-июль, 1944-жыл

Эл аралык валюта фонду расмий түзүү

27-декабрь, 1945-жыл

Ишин баштоо

1-март, 1947-жыл

www.imf.org

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ, англ. International Monetary Fund (IMF)) ― эл аралык валюталык-каржы уюму, БУУнун адистештирилген мекемеси. Эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт; валюталык паритеттердин туруктуулугун кармап турат, төлөөнүн көп тараптуу тармагын иштеп чыгат жана валюталык чектөөлөрдү жоёт, ошондой эле өзүнүн мүчөлөрүнө төлөм баланстарынын тең салмаксыздыгына байланыштуу болгон валюталык кысталыштарда кредиттик ресурстарды берет. 1944-жылы Бреттон-Вудс эл аралык валюталык-каржы конференциясында түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]